2026- жылдын 20-февралында Жайыл районунун Алексеевка жалпы билим берүү мектебинде окуучулар арасында "Манас таануу" интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду Кара-Суу мектеби, 2-орунду Жайыл Баатыр атындагы#12, Т.Кожомбердиев атындагы мектептери, 3-орунду Петропавловка жана #4 мектептеринин окуучулары ээлешти.
#КыргызстанКитепОкуйт акциянын алкагында мектебинин китепканачысы В.И.Клименко башталгыч класстардын окуучуларын балдардын аңгемелери жана китептери менен тааныштырып, окуучуларды китеп окууга жана китептерге аяр мамиле кылууга үндөдү.
2026-жылдын 06-февралында мектепте орус тили жана дүйнөлүк адабияты (кыргыз класстарда) боюнча мугалимдердин семинары өттү. Алексеевка мектебинен үч мугалим: Ю.В. Шлифовская, Нуридин к. Б., Ч.Ш. Ишаева “Методика преподавания русского языка и русской и мировой литературы в условиях перехода на 12-летнее школьное образование" аттуу темасына доклад жана тренинг даярдашты.