Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мурунку Карабаевка азыркы Алексеевка айылында 1907-жылга чейин мектеп болгон эмес. Иван Скляров аттуу жеке мугалим гана өз үйүндө байлардын балдарын окуткан. Айылга биринчи мугалим болуп 1907-жылы М.Куликов келип, коомчулук ага мектеп ачуу үчүн үй бөлүп берет.

1909-жылы 2 класстык бөлмөлүү мектеп куруу маселеси чечилип, парта жана доскалар менен жабдылат. Бул мезгилде мектептеги окуучулардын саны 20га жетип ,алар 4 класска бөлүнүп окушкан.

1914-жылы мектепке Е.В.Узорова мугалим болуп келет. Окуучулар көбөйүп, жаңы класс ачуу маселеси келип чыгат. Бирок биринчи дүйнөлүк жана граждандык согуштардан улам мектептин иши убактылуу токтойт. Н.М Куликов армияга чакырылып, анын ордуна мектеп башчысы болуп Узорова калат.

1922-жылы Куликов армиядан келип, диний кызматка кетет. Мектеп башчылыгына Островский аттуу мугалим дайындалат.

Совет бийлигинин келиши менен окуучулардын саны арбып, мугалимдик штаттар көбөйөт.

1936 – жылдан 1939 – жылдын ноябрына чейин мектеп толук эмес орто мектеп катары иштейт. 1937 – жылы жетинчи класс ачылат.

Согуш жылдарынын алдында Алексеевка мектебинде 600 гө жакын окуучу билим алып, райондогу ири мектептердин бирине айланат.

1946-1968-жылдары Садыков Зыйнат Цафеевич мектептин директору болгон. Анын тушунда бир кабаттуу мектеп имараты курулган. Колхоздун председатели Миндолин Иван Егорович курулушка жардам берген.

1963 – жылы 8 жылдык, 1965 – жылдан орто мектеп болуп түзүлөт.

1968-жылдан 1972-жылга чейин Клименчук Анатолий Никитич директор болгон.

1972-1974-жылдары Таранова М.В. директор болгон.

1974-1976-жылдары Ивкина Тамара Ивановна директор болгон.

1976-1979-жылдары Иван Кузьмич Дорофеев директор болгон.

1980-1989-жылдары Г.Ф.Бондаренко мектептин директору болуп дайындалган.

Окуучунун саны көбөйүп класстык бөлмөлөр жетишсиз боло баштайт.

Г.Ф.Бондаренко 684 орундуу жаңы мектеп куруу демилгесин көтөрүп чыгат. Демилге коомчулуктун да кубаттоосуна ээ болот.

1981 – жылдын октябрь айында КССР Эл агартуу министринин токтому менен курулуш иштери башталат. Курулушка КССР инин долборлоо институту, “Кыргызстройдун” № 1 калинин ПМКсы тартылат. 1982 – жылдын декабрь айында мектеп курулушу аяктап пайдаланууга берилет. Ошол жылдан бери ушул жаңы имаратта иштеп келе жатабыз.

1982-жылы Геннадий Федотовичтин аракети менен жаңы үч кабаттуу мектеп имараты (иштеп жаткан мектеп) курулган. Мектеп телевизор, радиоприёмниктер, дидактикалык материалдар, видеоматериалдар менен жабдылган.

1989 жылында мектептин директору В.А.Кузнецовдун алдында биринчи жолу кыргыз башталгыч мектеби ачылган. Ага чейин жалаң орус тилинде окутулган класстар бар болчу. (1989 декабр)

1990-1992-жылдары Гаус Владимир Александрович директор болгон.

1993-2000-жылдары Фарид Мажитович Фаттахов директор болгон.

2001-2013-жылдары Ниязова Анаркүл Кулназаровна директор болуп иштеген.

2014-2016-жылдары Людмила Алексеевна Демиденко директор болуп иштеген.

2016-2017-жылдары Маразыкова Назгүл Керималыковна директор болуп иштеген.

Ниязова Анаркүл Кулназаровна 2018-2021-жылдары директор болуп иштеген.

2022-жылдан азыркы күнгө чейин директору Сманалиева Салтанат Зарылбековна.

Мектептин миссиясы

Ар бир окуучунун өзүн-өзү өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.

Биз жөнүндө