Мектептин формасы

Окуучунун сырткы кѳрүнүшү

Окуучулардын сырткы кѳрүнүшүнѳ негизги талаптар

  • Тазалык, тыкандык.
  • Баардыгы үчүн кийимдин негизги стандарты: ишкердик стиль.
  • Сырткы кѳрүнүш коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбаш керек.
  • Узун чачтар ѳрүлгѳн же чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.

1-класстан 11-класска чейинки мектептик  форманын толук сыпатталышы

Балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн:  кара костюм жана классикалык үлгүдѳгү шым, бир тондуу ак кѳйнѳк;

Кыздар үчүн: кара пиджак, классикалык үлгүдѳгү юбка же классикалык стилдеги шым, бир тондуу ак блузка.

Спорттук форма: Бардык  окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлѳрү керек.

Болбойт:  дене тарбия сабагынамектептик формада, джинсы жана спорттук эмес бут кийим менен катышууга.

Окуу учурунда тѳмѳнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгѳ уруксаат эмес:  

  • Терең кѳнүлдү бурдура турган кѳзгѳ комсоо адаттан тышкары бѳлүктѳр, жылтырак жиптер, ошондой эле ѳтѳ ачык ѳңдѳр кийимде жана бут кийимде болбошу керек;
  • Ар кандай ѳңдѳгү джинсы;
  • Ѳтѳ денеге чапталган, фигураны кѳрсѳткѳн юбка, шым жана лосиналар;
  • Далыны жана курсакты кѳрсѳткѳн ѳтѳ кыска блузкалар;
  • Мини-юбкалар ( тизеден 10см ѳйдѳ узундуктагы).
  • Декольтеси ачык блузкалар;
  • Ѳтѳ жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
  • Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бѳлүктѳрү), спорттук бут кийим;
  • Активдүү эс алуу үчүн кийимдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)

Уруксаат эмес.: адаттан тышкары чач  тегиздетүүлѳр, чачтарды ачык, табыгий эмес ѳңдѳргѳ боё.

Ачык макияжга уруксаат эмес: кирпиктерди, кѳздѳрдү эринди боегон жана ачык маникюр.

Пирсинг, ошондой эле коомго туура келбеген формалдуу эмес жаштардын бирикмелеринин символикаларынын аксессуарларына уруксаат эмес.