Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу ата-энелер!

Балдарды мектепке 1-класска кабыл алуу электрондук эсеп аркылуу ишке ашырылат — https://mektep.edu.gov.kg

Биринчи класска кирүү үчүн төмөндөгү документтерди берүү керек:

  • ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп жетекчисинин атына жазылган арызы;
  • белгиленген формадагы медициналык карта (Ф-26, Ф-63);
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  • ИНН/ПИН
  • окуу жайга кабыл алуу учурунда ден соолугу тууралуу справка;
  • 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 4 даана;
  • окуучунун өздүк иши;
  • папка.