Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу ата-энелер!

Балдарды мектепке 1-класска кабыл алуу электрондук эсеп аркылуу ишке ашырылат — https://mektep.edu.gov.kg

Биринчи класска кирүү үчүн төмөндөгү документтерди берүү керек:

  • билим берүү уюмунун жетекчисинин атына ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арызы;
  • белгиленген формадагы медициналык карта (Ф-26, Ф-63);
  • мектепке кабыл алуу учурунда баланын ден соолугу тууралуу маалымкат;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн); ИЖН (PIN);
  • ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспортторунун көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • баланын жашаган жерин аныктоочу документ;
  • баланын сүрөтү 3х4 (6 даана)
  • стандарттык А4 форматындагы өздүк дело;
  • файл папкасы;
  • ата-энелердин байланыш телефондору.