Окуучунун сырткы кѳрүнүшү
Окуучулардын сырткы кѳрүнүшүнѳ негизги талаптар
- Тазалык, тыкандык.
- Баардыгы үчүн кийимдин негизги стандарты: ишкердик стиль.
- Сырткы кѳрүнүш коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбаш керек.
- Узун чачтар ѳрүлгѳн же чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.
1-класстан 11-класска чейинки мектептик форманын толук сыпатталышы
Балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн: кара костюм жана классикалык үлгүдѳгү шым, бир тондуу ак кѳйнѳк;
Кыздар үчүн: кара пиджак, классикалык үлгүдѳгү юбка же классикалык стилдеги шым, бир тондуу ак блузка.
Спорттук форма: Бардык окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлѳрү керек.
Болбойт: дене тарбия сабагынамектептик формада, джинсы жана спорттук эмес бут кийим менен катышууга.
Окуу учурунда тѳмѳнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгѳ уруксаат эмес:
- Терең кѳнүлдү бурдура турган кѳзгѳ комсоо адаттан тышкары бѳлүктѳр, жылтырак жиптер, ошондой эле ѳтѳ ачык ѳңдѳр кийимде жана бут кийимде болбошу керек;
- Ар кандай ѳңдѳгү джинсы;
- Ѳтѳ денеге чапталган, фигураны кѳрсѳткѳн юбка, шым жана лосиналар;
- Далыны жана курсакты кѳрсѳткѳн ѳтѳ кыска блузкалар;
- Мини-юбкалар ( тизеден 10см ѳйдѳ узундуктагы).
- Декольтеси ачык блузкалар;
- Ѳтѳ жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
- Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бѳлүктѳрү), спорттук бут кийим;
- Активдүү эс алуу үчүн кийимдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)
Уруксаат эмес.: адаттан тышкары чач тегиздетүүлѳр, чачтарды ачык, табыгий эмес ѳңдѳргѳ боё.
Ачык макияжга уруксаат эмес: кирпиктерди, кѳздѳрдү эринди боегон жана ачык маникюр.
Пирсинг, ошондой эле коомго туура келбеген формалдуу эмес жаштардын бирикмелеринин символикаларынын аксессуарларына уруксаат эмес.