2024-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күн» акциясы өткөрүлдү.
2024-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күн» жылдык акциясы өткөрүлдү.
Акциянын максаты: коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка сабырсыздыгын жогорулатуу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүн түшүнүүсүн жана маалымдуулугун жогорулатуу.
Дүйнө жүзү боюнча «Зордук-зомбулукка каршы 16 күн» өкмөттөрдү, зордук-зомбулук болгон адамдардын жамааттарын, активисттерди жана коомчулукту бириктирет. Ар кандай иш-чаралар, митингдер жана кампаниялар аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу зарылдыгын белгилейт.
Аталган акциянын алкагында мектепте төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
- 5-11-класстын балдары менен “Аялдарды жана кыздарды урматтоо” темасында маек болуп өттү.
- 5-11-класстын окуучулары үчүн “Биз аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршыбыз” аттуу класстык саат өткөрүлдү.
- 8-класстын класс жетекчиси Маткасымова А.С. 8-класстар менен «Гендердик теңчилик» темасында ачык класстык саат өткөрдү.
- 7-9-класстын окуучулары арасында “ЗОМБУЛУККА ЖОК!” аттуу сүрөт жана плакаттар сынагы болуп өттү.
- Мектептин китепканачысы Клименко В мектеп китепканасында “Менин укуктарым” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурду.
- 7-8-класстын окуучулары менен «Зордук-зомбулуксуз дүйнө» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жайыл айыл өкмөтүнүн өкүлү, социалдык кызматкер Роза Үсөналиевна катышты.
Комментарии