26-ноябрдан 3-декабрга чейин мектепте «Жакшылыктын жолу» жарманкеси болуп өттү.
26-ноябрдан 3-декабрга чейин мектепте «Жакшылыктын жолу» жарманкеси болуп өттү. Жарманкенин максаты – балдарда жакшы иштерди жасоого умтулуу сапатын калыптандыруу, жакшы сезимдерди ойготуу, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулуу, балдардын боорукердик, сылыктык сезимдерин ойготуу, анткени боорукердик, кайрымдуулук, башка адамдар жөнүндө тынчсыздануу кубанычы адамдын бактылуулугунун негизин түзөт. Бул жарманке биздин мектепте жакшы салтка айланган.
Түшкөн каражаттын баары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жардам көрсөтүүгө жумшалды. Мектепте жалпысынан 18 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар, ар бир балага материалдык жардам көрсөтүлдү, ошондой эле жетим 3-класстын окуучусуна жардам берилди.
25-ноябрь күнү 1-4-класстар арасында “Өмүр жакшы иштерге берилет”, 5-11-класстар арасында “Баарыбыз ар башкабыз, бирок баарыбыз бирдейбиз” деген темада сабактар өткөрүлдү.
Мектептин китепканасында «Китептеги ырайымдан жашоодогу камкордукка» аттуу китептердин көргөзмөсү ачылды.
Ошондой эле 2-7-класстар арасында сүрөт сынагы, 8-11-класстар арасында «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу плакаттар сынагы өткөрүлдү. Сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Комментарии