Акыркы коңгуроо
2024-жылдын 25-майында мектепте «Акыркы коңгуроо» майрамдык иш-чарасы болуп өттү.
2024-жылы биздин мектептен 11-классты 30, 9-классты 77 бүтүрүүчү бүтүрөт.
Бул жылы биздин салтанаттуу иш-чарага төмөнкү коноктор катышты:
Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асанбаева Урумпаша Абибиллаевна, методист Асылбек кызы Анара, Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Кокоев Марат Джолдошбекович, Жайыл райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Баймонкоев Асылбек Сатыкеевич, Жайыл районунун ветеринардык башкармалыгынын орун басары Сыдыкбеков Нурбек Идрисович, «Жайыл» айыл чарба өндүрүштүк башкармасынын орун басары Рохман Татьяна Васильевна жана биздин мектепти 10, 20, 30 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр.
Салтанаттуу иш-чарабыз жогорку деңгээлде өткөнүн ардактуу коноктор белгилешти.
Комментарии