Акыркы коңгуроо
26.05.2025-ж. мектепте 2024-2025-окуу жылынын аяктаганын жар салган «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу тизими өттү.
2024-2025-окуу жылында Алексеевка жалпы билим берүү орто мектебин 11-класстарынын 29-бүтүрүүчүсү жана 9-класстарынын 71-бүтүүрүчүсү аяктайт.
Салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага ардактуу коноктор катары төмөнкүлөр катышты:
Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бөлөкбаев Изат Джамалбекович;
Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Суйналиев Сартбай Жапарович;
Жайыл айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Ажыматова Роза Усеналиевна;
Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Баймонкоев Асылбек Сатыкеевич;
Жайыл району боюнча «Сары-Өзөн» Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдыраимов Эсенбек Маматович;
СХПК «Жайыл» профсоюз комитетинин төрайымы Степаненко Алёна Сергеевна;
Биздин мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр;
Ошондой эле 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдү жана биздин жаңы бүтүрүүчүлөрдү окуткан урматтуу мугалимдер.
Комментарии