Кыргыз тили жана адабиятынын декадасы
16-сентябрдан 26-сентябрга чейин мамлекеттик тил боюнча декада өттү. Тил декадасына мектеп боюнча бардык окуучулар активдүү катышып, кыргыз тили мугалимдери ачык сабактарды, класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүштү.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Саитова.Н.М тил жумалыгынын ачылышын жарыялап, 5-11-класстар арасында майрамдык иш-чара өттү.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жолоева.У.М «Санат-насыят ырлары» деген темада 6-класстын окуучуларына ачык сабак өттү.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ногоева Ч.М «Кептин түрлөрү» деген темада ачык сабак өттү.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Капарова.М.К иш-кагаздарынын түрлөрү боюнча жогорку класстын окуучуларына тренинг өттү.
2024-жылы 23-сентябрда Мамлекеттик тилдин 35-жылдыгына карата салтанаттуу тизим өттү. Майрамдык кече мамлекеттик гимни жана тил гимни менен башталды. Окуучулар Манас айтышып, комуз күүлөрүн чертишип, эне тилди даңазалаган ыр-бийлерди аткарышты. Ар бир класс эне тилге арнап дубал газеталарды чыгарышты, сүрөт конкурстары уюштурулуп жеңүүчүлөр аныкталды. Китепканада жана класстарда көргөзмө уюштурулду.
Комментарии